ОПЕК+ мамлекеттери мунай казуунун көлөмүн азайтуу чечимине келишти

10.04.2020, 12:45 Акчабар
ОПЕК+ мамлекеттери мунай казуунун көлөмүн азайтуу чечимине келишти

ОПЕК жана ОПЕК+ өлкөлөрүнүн 9-апрелдеги 10 сааттык сүйлөшүүсүнөн соң, Сауд Арабия жана Россия мунай өндүрүүнү рекорддук кыскартууга макулдашышты. Бирок Мексика бул чектөөдөн баш тартып, келишимди жактырбастан жыйындан чыгып кетти. Бул тууралуу Bloombergпорталы билдирди.

ОПЕК+ өлкөлөрү ушул жылдын май жана июнь айларында бир күндө мунай өндүрүүнүн көлөмүн 10 млн баррелге чейин азайтуу тууралуу алдын-ала макулдашуу жүргүзүштү. Бирок, Мексиканын энергетика  министри Росио Нахле Гарсианын анын өлкөсүнө берилген сунуштан баш тартуусу, жыйынды түшүнүксүз абалга кептеген. Анын айтымында, Мексика бир күндө мунайды сунуштаган 400 миң баррель эмес, 100 миң баррелге чейин аз өндүрө алат.

«Мексика мунай рыногун жөнгө салуу боюнча эл аралык пикирге кошулушу мүмкүн жана ошол эле учурда кошулушу керек. Мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтуу керек жана буга толук мүмкүн. Бул албетте Мексика өлкөсүнүн ичиндеги жана чет өлкөлөр үчүн жооптуу маселе», — деп билдирип келген Мексиканын мурунку мунай министри Альдо Флорес Кирог 2016-2018-жылдардагы ОПЕК+ сүйлөшүүлөрүндө.

Белгиленгендей, Мексика менен кайрадан сүйлөшүү G20 өлкөлөрү алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде кайрадан дискуссиядан баш тартса, башка сунуштардын айтылышы каралып жатат.

Андан сырткары, ОПЕК+ мунай өндүрүүнүн көлөмүн башка мамлекеттер дагы азайтат деп эсептешүүдө. М: АКШ, Канада, Бразилия жана Норвегия. Бирок, Америка бул келишимге макул эмес. Себеби, буга  өлкө ичинде антимонополия тарабынан кабыл алынган мыйзам жол бербейт. Бирок, АКШ кампаны толтуруу үчүн жакынкы үч ай аралыгында мунай казуунун көлөмүн 4 млн баррелге чейин азайтуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу штаттын регулятору Техас Райан Ситтон өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу билдирди.

ОПЕК+ алдын ала коюлган планына ылайык мунай өндүрүүнүн көлөмү 2 айдан соң кыскартыла баштайт. Бул коронавирус пандемиясынынын созулушуна дагы көз каранды болот. Дискуссияга катышуучулардын биринин айтымында кыскаруу, 2020-жылдын июль айынан тарта күнүнө 8 млн баррелге чейин, 2021-жылдын январь айынан 2022-жылдын апрель айына чейин 6 млн баррелге чейин болушу мүмкүн.

Ал эми Казакстан дагы бул келишимге макул. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Нурлан Ногаев билдирди.

«Алдыдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин жакшы натыйжага жетерибизге ишенем. Мунай рыногундагы азыркы абал, бардык катышуучу өлкөлөрдөн активдүүлүктү талап кылууда. Өз кезегинде биз бүгүнкү жыйындагы маселенин өзөгүн түшүнүп жатабыз жана мунай казуунун көлөмүн азайтуу чечимине макулбуз», — деп билдирди ал.

Андан сырткары министр, өлкө өзүнө алган бардык жоопкерчиликтерди аткарып келгендигин кошумчалады.

Азербайжан мамлекети дагы май-июнь айларында мунай казуунун көлөмүн суткасына 164 миң баррелге чейин кыскартарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазат.

«Күнүнө 718 миң баррелге чейин чийки мунай затын өндүрүп келген Азербайжан мамлекети, жаңы макулдашууга ылайык күнүнө 164 миң баррелге чейин азайтууга даяр. Бир жыл бою өлкө күнүнө 554 миң баррелден ашык өндүрбөйт», — деп билдирди Азербайжандын энергетика министри.

 

 

Тэги: ОПЕК+ мунай көлөмү Мексика Сауд Арабия Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу