Улуттук банктан маркетплейс финансылык операторлору каттоодон өтүүсү талап кылынышы мүмкүн

26.01.2022, 09:40 Акчабар
Улуттук банктан маркетплейс финансылык операторлору каттоодон өтүүсү талап кылынышы мүмкүн

Улуттук банк маркетплейс финансылык платформаларды жөнгө салуу жана ачык программалык интерфейстерди (API) колдонуу маселелери боюнча кызыкдар тараптардан сунуштар кабыл алына тургандыгын билдирет.

Тактап айтканда, финансылык платформаларына жана API пайдаланууга, Улуттук банкта каттоодон өтүү жана финансылык кызматтарды сунуштоочулар жана андан пайдалануучулар менен өз ара иш алып баруу аркылуу маркетплейс финансылык платформасынын операторуна карата талаптарды белгилөө максатында, Улуттук банктын өзүнчө ченемдик укуктук актысын иштеп чыгуу сунушталууда. 

Өзүнчө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу чечими бүгүнкү күндө маркетплейс финансылык платформаларын жөнгө салуу, API колдонуу боюнча талаптардын жоктугу, маркетплейс финансылык платформа операторунун финансылык кызматтарды сунуштоочулар жана андан пайдалануучулар ортосунда өз ара иш алып баруу процессинин так чагылдырылбашы сыяктуу көйгөйлөрдүн келип чыгышы менен байланышкан.

“Учурда санариптик финансылык платформалар, ошондой эле алардан улам түзүлгөн платформа экосистемалары бардык финансылык уюмдарды бир платформага бириктире алат. Финансылык платформаларды түзүү инновацияларга, экономикалык өсүшкө жана заманбап экономиканын атаандашуу жөндөмдүүлүгүнө шарттарды түзөт. Мындай платформалардын иши жөнгө салынган эмес, бирок мындай платформалар иштеп жатат жана алардын кызматтарына суроо-талап да бар”, - деп түшүндүрөт Улуттук банктан.

 

 

Тэги: маркетплейс Кыргызстан Нацбанк КР регулирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу