«Социалдык турак-жайлар аймактарда да курулат» — МИК

22.02.2023, 16:53 Акчабар
«Социалдык турак-жайлар аймактарда да курулат» — МИК

Акыркы 1,5 жылда (2021-2022-жылдары) 2,5 миңден ашык үй-бүлө жалпы суммасы 6,2 миллиард сомго турак жай сатып алган. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова МИКтин коллегиялык жыйынында билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 1,8 миңден ашык үй-бүлө 4 миллиард 655 миллион сомго турак жай сатып алган. 

“2021-2022-жылдардын жыйынтыгына салыштырмалуу калкка берилген мамлекеттик ипотеканын көлөмү үч эсеге өстү”, - деди ал.

Ошондой эле,Төлөгөнова быйыл Мамлекеттик ипотекалык компания курулушка басым жасай турганын белгиледи. 

“Учурда өлкөнүн аймактарында турак-жай куруу үчүн жерлер аныкталууда. Алгачкы курулуш иштери Бишкекте башталып, аймактарда улантылат. Мамлекеттик ипотека калктын бардык катмарына жеткиликтүү болушу үчүн келечекте каржыланган системага өтүү үчүн мамлекеттик ипотека алууну каалаган жарандарыбызга жагымдуу шарттарды түзүп беришибиз керек”, - деди Аида Төлөгөнова

 

Тэги: новости Кыргызстана ГИК Аида Тологонова жилищное строительство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу