Бүгүн, 15-декабрда Соода-өнөр жай палатасынын президиуму палатанын төрагалыгына үч талапкерди жактырды.
Соода-өнөр жай палатасынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер “Кыргызгипрострой” долбоорлоо институтунун башкы директорунун экономикалык маселелер жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев, INTEGRA Engineering Group компаниясынын уюштуруучусу жана башкы директордун кеңешчиси Жодар Сайдилканов,“Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев .
Алардын ичинен Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрүнүн делегаттары 19-декабрда өтө турган кезексиз 11-курултайда палатанын башчысын шайлашы керек.
Кошумчалай кетсек, Соода-өнөр жай палатасына президенттик кызматка жалпысынан тогуз арыз түшүп, анын ичинен үч талапкер тандалып алынды.
Эске салсак, буга чейин Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев болгон. Ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен.