Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги kg зонасында интернетте тараган жарнактарга мониторинг жүргүзүү учурунда “Оптима Банктын” расмий сайтында Кыргызстандын бурмаланган картасы тартылган жарнактар тараган фактысын аныктады.
Тактап айтканда, картага Баткен облусунун Ак-Сай айылы республиканын аймагына кирген эмес.
Мунун негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан "Оптима Банк" ААКсына карата Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 277-беренесинин талаптарын бузуу боюнча протокол түзүлдү.