“Оптима Банк” 2020-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча 2021-жылы дивиденддерди төлөө боюнча отчет берди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.
2020-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча банк дивиденддерди чегербөөнү чечти. Анын ордуна таза кирешени финансы-кредиттик мекемени өнүктүрүүгө багыттоо чечими кабыл алынган.
“Мыйзамдык жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу үчүн, ошондой эле бизнести андан ары өнүктүрүү максатында 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 797 млн 84 миң сом өлчөмүндөгү таза пайданы бөлүштүрбөйт, дивиденддер жарыяланбайт жана төлөнбөйт”, - деп чечкен банк.
Банк ошондой эле 2002-2017-жылдар аралыгындагы дивиденддик милдеттенмелердин калдыгы боюнча маалымат берди. “Оптима Банктын” маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 766 миң 130 сом талап кылынбаган акционерлер бойдон калууда.