«Оптима Банк» ААК штаттык режимде иштеп жатат

10.01.2022, 14:17 Акчабар
«Оптима Банк» ААК штаттык режимде иштеп жатат

Бүгүн, 10-январдан баштап банктын бардык бөлүмдөрү Банктын бөлүмдөрүнүн иш тартибине ылайык кардарларды тейлөөдө.

Казакстанда киргизилген өзгөчө кырдаал Банктын ишмердүүлүгүнө түз же кыйыр түрдө таасирин тийгизбейт. “Оптима Банк” ААК бардык көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстандагы №1 Банк болуп саналат: активдер, өздүк капитал, кредиттер, депозиттер жана таза киреше. “Оптима Банк” ААКнын накталай жана накталай эмес формадагы каражаттарынын жалпы суммасы эквивалентте 44 млрд сомдон ашыкты түзөт.

Банк ченемдик укуктук актылардын бардык талаптарын сактоо менен Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барат.

Учурда Банктын кардарлары керектүү банктык кызматтардын толук спектрин филиалдарда да, Банктын аппараттар тармагынан да ала алышат. Банкоматтар, төлөм терминалдары, Пос-терминалдар, “Optima24” мобилдик тиркемеси – баары кадимкидей иштейт. Төлөм карталары менен бардык операциялар жеткиликтүү.

Банктын ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык тиешелүү маалыматтар жана реалдуу убакыт режиминде жаңылыктар Банктын расмий сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылат.

Кызыктырган бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондор боюнча күнү-түнү иштеген байланыш борборуна кайрылсаңыз болот: (312) 90 59 59, 0-800 -800-00-00 ("Кыргызтелеком" ААК стационардык телефондорунан чалуу акысыз), 9595 (уюлдук телефондордон чалуу акысыз), WhatsApp номери +996990905959 (билдирүүлөр үчүн гана).

Тэги: Оптима Банк работа Кыргызстан банковские услуги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу