Битир-садаганын эсебинен социалдык коргоого муктаж жарандарга 2 млн. 840 миң сом таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 млн. 152 миң сому операция боло турган бейтаптарга жана майыптарга берилсе, калган 940 миң сом жетимдерге тапшырылды.
Белгилеп кетсек, быйыл өлкө боюнча 54 млн. сом битир-садага топтолгон. Жыйналган каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге, 15 пайызы хатибияттарга, 15 пайызы казыяттарга, калган 10 пайызы муфтиятка бөлүнгөн. Жогоруда муктаж жарандарга таратылган акча каражаты Муфтиятка бөлүнчү 10 пайыз битир-садаганын эсебинен берилди.