Өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 23% азайган

25.11.2019, 15:40 Акчабар
Өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 23% азайган

Өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 23 пайызга азайды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 10 ай ичинде республика боюнча 3 миң 270 өрт кырсыгы (2018-жылы 4 миң 246) катталган.

"Өрттөн келип чыккан материалдык чыгымдар 651 миллион сомдон ашык түздү. Кырсыктан 36 адам каза таап, 46 адам жабыркады", - деп айтылат маалыматта.

Өрттөн 47 адамдын өмүрү жана 528 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Тэги: өрт кырсыгы КР ӨКМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу