Кыргызстан Кытайдын "China National Heavy Machinery Corporation" компаниясы менен биргеликте Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 МВт болгон чакан ГЭСти курууну пландоодо. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин сайтына жарыяланды.
Бул боюнча Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев, Финансы- кредиттик фондунун жетекчиси Жусубали Төрөмаматов, "China National Heavy Machinery Corporation" компаниясынын вице-президенти Женг Хенсонг жолугушту.
Ага ылайык меморандумда төмөнкүлөр камтылган;
Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган документ калкты электр энегиясы менен камсыз кылууда жана өлкөдөгү энергетикага болгон тартыштыкты жоюга багытталган негизги кадамдардын бири экенин баса белгиледи.