Акчанын жетишсиздигинен улам ар бир үчүнчү орусиялык жаран насыя алууга аргасыз жана басымдуу бөлүгү тааныш жана туугандардан карыз суроого барышууда. Бул боюнча атайын сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Сурамжылоого катышкан орсиялыктардын 25% айлык акы башкы керектөөлөргө жетпегендигин билдирген. 39% киреше жашоого араң жетип жаткандарын айтышкан. Ал эми 39% гана эмгек акынын көлөмүнө ыраазы экендерин билдиришкен.
Чыгашанын 62% тамак-ашка, 35% ижара акыга жана ипотеканы төлөөгө, 27% коммуналдык чыгашаларга, 20% насыяларды төлөөгө жумшалат.
Респонденттердин бешөөсүнүн төртөөсү маянасы жогору жумуш издеп, жарымы жаңы кесиптерди өздөштүрүп жатышканын билдиришкен. Сурамжылоого Россия боюнча 3 миң 698 адам катышкан.