Бириккен Араб Эмиратындагы мекендештерге элчиликтен 5 млн сом бөлүнгөн

30.04.2020, 15:15 Акчабар
Бириккен Араб Эмиратындагы мекендештерге элчиликтен 5 млн сом бөлүнгөн

Бириккен Араб Эмиратындагы мекендерштерге элчиликтен 5 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу ТИМ Чыңгыз Айдарбеков ЖК жыйынында депутат Алмазбек Батырбековдун суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

 

 

«Өкмөт элчиликке 20 млн сом бөлүп берген. Анын ичинен 10 млн сом Орусиядагы мекендештерге, 5 млн сом БАЭдеги мекендештерге бөлүндү. Калган каражаттарды азыр кармап турабыз, кимге муктаж болсо бөлүп берүүгө даярбыз», - деп билдирди Чыңгыз Айдарбеков. 

Депутат БАЭде канча мигрант бар экендигине кызыкты. 

ТИМ: «БАЭде 3500 жараныбыз бар» 

 

Эл өкүлү Орусия менен БАЭдеги мекендештердин санына карабай бөлүнгөн суммага таң калды. 

«Орусияда 300-400 миң мигранттарыбыз бар. БАЭде болсо 3500 экен. Эки өлкөдөгү мекендештердин санынын айырмасы асман менен жердей болуп турат. Акча акыйкатсыз бөлүнүп калган жокпу? Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, бул акчаларды дагы карашыңыз керек экен. БАЭде эмгек акынын саны дагы бир топ жогору. Муну дагы эске алуу керек эле», - деп билдирди депутат Алмазбек Батырбеков.  

 

Эске сала кетсек, Орусиядагы мекендештерге элчилик тарабынан бөлүнгөн 10 млн сом учурда коротула  электигин, Аликбек Жекшенкулов билдирген. 

Тэги: Бириккен Араб Эмират Орусия каражат мигрант элчилик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу