Орусия Кыргызстандын балык жана сүт азыктарына киргизген чектөөлөрүн алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору А.Б. Жусупов менен Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси С. А. Данкверт онлайн форматта жолукту. Анда кыргыз тарап өлкөдөгү балыкты кайра иштетүүчү жана сүт ишканаларына карата Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарын бузууларын жоюу боюнча жасалган иштерди айтып берди.
Жыйынтыгында Россельхознадзор Кыргызстандын “Нурагрорыбпром”, “Дары Природы” балык иштетүүчү ишканаларынан жана “Ак-Булак Плюс”, “Ак-Жалга”, “Жайыл Милк” жана “Ала-Тоо сүт” сүт ишканаларынан “күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл” статусу менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөрдү ала турган болду.