Орусия Кыргызстанга мунай берүүнү көбөйтөт

16.11.2023, 14:15 Акчабар
Орусия Кыргызстанга мунай берүүнү көбөйтөт

2025-жылдын 1-январынан тарта Орусия Кыргызстанга күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты. 

Аталган мезгилден тарта Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногу иштей баштайт, бул мунай продуктуларын берүү көлөмүн көбөйтүүгө жана логистиканы оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. 

Маалыматка ылайык, Орусиянын мунай продуктуларын жеткирүү өкмөттөр аралык келишимдин алкагында жеңилдетилген негизде ишке ашырылат.

Буга ылайык, Борбордук Азиядагы дос өлкөлөргө мунай продуктуларын жеткирүү Тажикстан менен кызматташуунун үлгүсүндө иштелип чыккан жаңы сценарий боюнча жүргүзүлөт.

 

Тэги: күйүүчү май Орусия Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу