Орусиялык өспүрүмдөрдүн 70% социалдык тармак аркылуу каражат табууну каалашат

23.12.2020, 15:05 Акчабар
Орусиялык өспүрүмдөрдүн 70% социалдык тармак аркылуу каражат табууну каалашат

Орусиядагы окуучулардын басымдуу бөлүгү социалдык тармак аркылуу каражат табууну каалашат. Мектеп окуучулардын 70% бош убактыларында иштесе болот деген пикирде. Бул тууралуу bankir.ru басылмасы QIWI, Улуттук фрилансерлердин гильдиясы жана IQ2U.RU.  биргеликте жүргүзгөн сурамжылоосуна таянуу менен жазып чыкты. 

 

 

Иликтөөдө айтылгандай, бош убактыларында иштегиси келгендердин 63% кыздар. Окуучулардын айытымында, каражат табуу үчүн жаш курак маанилүү эмес, эң башкысы каалоо болушу керек. 

 

«Көпчүлүк учурда алар каражат табуу үчүн Instagram (32%), «ВКонтакте» (26%), TikTok (24%) социалдык баракчаларды колдонушат. 14 чейинки балдар TikTok (29%) жана Instagram (25%) тиркемелирен көбүрөөк басым жасашат. 14 жаштан жогорку окуучулардын көпчүлүгү Instagram (38%) жана «ВКонтакте» (30%) колдонушат», — деп жазылат маалыматта. 

 

Сурамжылоого Орусиянын 50 шаарынан 1 миң 200дөн ашык катышуучу катышкан. 

Тэги: Орусия мектеп окуучулар каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу