Учурда Орусияда 411 миң 226 адам расмий түрдө эмгектенет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу парламентте “Ишеним” фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын жарандары 198 диаспора түзүшкөн, анын 135и КМШ өлкөлөрүндө.
Мындан тышкары, Казахстан - 65 миң, Түркия - 60 миң, АКШ - 36 миң жана Түштүк Корея - 14 миң адам иштейт.