Орусияда такси айдаган мигранттарга талаптар өзгөрдү

20.10.2023, 11:36 Акчабар
Орусияда такси айдаган мигранттарга талаптар өзгөрдү

Москвада кыргыз мигранттары менен “Яндекс Такси” компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу “Reporter.kg” маалымат агенттиги жазды. 

Жолугушуу Орусияда 1-сентябрдан тарта күчүнө кирген такси тармагын көзөмөлдөгөн жаңы мыйзамга байланыштуу уюштурулду. 

Ага ылайык, эми жүргүнчү ташып иштеген мигрантар Орусиянын жана Кыргызстандын укук коргоо органдарынан соттолгон же соттолбогондугу, ага карата эч кандай жаза жоопкерчилиги жоктугун таксыктаган аныктама болгон учурда гана ишке орношо алат. 

Компаниянын өкүлдөрү бул маалыматты баардык мигранттарга жеткирүүнү өтүнүштү.

Кыргызстандыктар талап кылынган аныктаманы Орусиядагы элчиликтен, консулдук мекемелерден жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен алса болот.

 

Тэги: миграция Орусия бийлиги Кыргызстан такси кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу