Ош шаарынын прокуратурасы Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө архитектура кызматкерлери Ош шаарынын Абсамат Масалиев жана Алай көчөлөрүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрүнө мыйзамсыз архитектуралык-шаар куруу корутундусун берип жиберишкендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.