Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкектеги Ош базарындагы эттин дүң жана чекене баасына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош базарындагы эттердин басымдуу бөлүгү Чүй облусунан, бир аз бөлүгү Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келет.
"Эт сатуучулардын айтымында, эттин баасына сезондук фактор таасир этип, учурда кой эти 480-580 сом, уй эти 520-570 сомдон сатылууда".
Мекеменин кызматкерлери тарабынан дүң жана чекене сооданын ишкерлери жана жеткирүүчүлөр арасында эттин баасын алып-сатарлык жана негизсиз жогорулатуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
“Мындан тышкары, ветеринардык кызматтын кызматкерлери менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө Ош базарынын ветеринардык кызматынын лабораториясынын иши менен таанышылды. Эттин баасына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн иши улантылат”, - деп айтылат маалыматта.