«Ош» эл аралык аэропорту 2021-жылдын 16-февралында «SCAT» авиакомпаниясынын «Алматы-Ош-Алматы» багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды тосуп алды.
Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.
Бул каттам менен Алматы шаарына 1 жаш баланы кошкондо 142жүргүнчү учуп кетти.
«МЭА» ААК COVID-19 пандемия маалында учактарды жана жүргүнчүлөрдү кынтыксыз тейлөөдө жана ошондой, эле ооруну жуктурбоо үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүүдө.