УКМК: «Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери пара менен кармалды

20.02.2020, 15:30 Акчабар
УКМК: «Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери пара менен кармалды

«Ошэлектр» ААКсынын кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 19-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында жана Ош облусунда энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чара учурунда Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. жана «Ошэлектр» ААК текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. 50 миң сом пара алып жаткан маалда кармалды.

«Аталган кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусу Т.Б. электр энергиясын уурдаган деп андан 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Тэги: Ошэлектр кызматкер Пара кармалды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу