Ош: Ипотекага үй алган 91 адам акчаны төлөй албай жатат

29.09.2021, 16:40 Акчабар
Ош: Ипотекага үй алган 91 адам акчаны төлөй албай жатат

Ош шаардык мэриясынан ипотекалык негизде үй алгандардын ичинен 91и акчасын төлөй албай, 30 кишинин иши сотко өтүү алдында турат. Бул тууралуу "Акчабарга" Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотека ишканасынын директору Кутманалы Абдрахман уулу билдирди.

Анын айтымында ипотекага үй алгандардын арасынан карызын төлөй албай калган 91 адам үч категорияда каралат. Маселен, каражатты 30 күн кечиктиргендерге оозеки эскертүүлөр берилген. Ал эми карызы 60 күндөн ашкандарга соттук териштирүүнүн негизинде кагаз түрүндө эскертүү тапшырылат. Ал эми 90 күн бою акчаны төлөбөгөндөрдүн иши сотто каралат. 

Маалым болгондой, ипотекалык насыяны төлөй албагандардын көбү учурда жумушсуз калган. 

Эске салсак, Ош шаардык мэриясы 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин жабыркаган жарандарга берилген үйлөрдөн калган 400дөй батирди ипотекалык негизде шаардыктарга бөлүп берген болчу.

Тэги: ипотека карыз сот мэрия насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу