Ош: Кара-Суудагы айланма жол 170 млн сомго оңдолууда

30.09.2021, 15:20 Акчабар
Ош: Кара-Суудагы айланма жол 170 млн сомго оңдолууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылына караган айланма жолду оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу “Акчабарга” Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош облусундагы жол тейлөө мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош - Кара-Суу жолундагы беш чакырым жол октябрь айынын ортосунда толугу менен оңдолуп бүтөт. Учурда асфальтто иштери башталды. Быйылкы жылы жолдун беш чакырымын оңдоого 170 миллион сом бөлүнгөн.

Айланма жол аркылуу Ош - Кара-Суу жана Ош - Жалал-Абад каттамдары өтөт. Буга чейин бул жол аркылуу маршруттук каттамдардын жүрүүсүнө бир топ ыңгайсыздыктар жаралып келген.

Тэги: айланма жол курулуш каражат Ош Кара-Суу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу