Ош облусунда бир нече өндүрүш ишканалары ачылды

16.06.2023, 09:25 Акчабар
Ош облусунда бир нече өндүрүш ишканалары ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында өндүрүш ишканаларынын ачылышына катышты жана бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ал иш сапардын жүрүшүндө Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айыл аймагында жайгашкан “Жемиш Кампа” ААКнын ачылышына катышты. Бул ишкана жергиликтүү дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди узак мөөнөткө сактоо менен алектенет. 

Мындан тышкары, Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан нан азыктарын чыгаруучу ишкананын ачылыш аземине катышты. Жергиликтүү тургундарды жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында ачылган ишканада 50 адам иштейт жана анда өндүрүлгөн продукцияларды келечекте чет мамлекеттерге экспорттоо планы коюлган. 

Ошондой эле, Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагында “Ош Глобал Текстиль” ЖЧК тарабынан пахта буласынан жип ийрүүчү жаңы курула турган фабриканын долбоору менен таанышты. Пахтадан кездемелерди жана кийимдерди чыгарууну көздөгөн бул фабрикада 1500дөн ашуун адамды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда. 

Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкан “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мында Кыргызстан менен  Кытайдын ортосунда оор жүк ташуучу унаалардын эл аралык базасы  түзүлгөн.

Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында “Алайку Органикс” ЖЧКнын курамына кирген “Технополис Алайку” илимий-техникалык комплексинин ишмердүүлүгү менен жеринен көрүп чыкты.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу