Ош облусунда чөптүн баасы былтыркыга салыштырмалуу эки эсе кымбаттады

01.07.2021, 14:15 Акчабар
Ош облусунда чөптүн баасы былтыркыга салыштырмалуу эки эсе кымбаттады

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жергиликтүү тургундардын билдиришинче учурда аймакта чөптүн бир таңгагы 320-330 сомдон, беденики 350-370 сом, саман 200 сомдон сатылууда. 

Жергиликтүү элдин айтымында, былтыр чөптүн таңгагы 60 сомго бааланчу. 

Тоюттун кымбатташын дыйкандар кургакчылык менен байланыштырышууда. Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Казаков жагдайды айдоо жерлердин сапатына шылтады.

“Биздин июнь айындагы жүргүзгөн мониторинг боюнча жердин абалын текшердик. Эгерде быйыл 1 гектар жерден 150-170 таңгак чөп алынган болсо, былтыркы жылы 250-260 таңгак чөп алышкан экен. Бул дегени дыйкандар тоютту көбүрөөк алуусу үчүн жерди кайра даярдоону колго алышы керектигин түшүндүрөт”, - деди Казаков.

Ошто көбүнэсе Ноокат жана Кара-Суу райондорунда чөпкө талап күчтүү.

Тэги: чөп тоют Ош антимонополия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу