Быйыл январь-апрель айларында Ош облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2 млрд. 903 млн. 959,9 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде физикалык көлөмдүн индекси былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине карата 86,514%ды түздү.
“Ушул жылдын апрель айында Ош облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 593 млн. 392,4 миң сомду түздү. Былтыркы жылдын апрель айына карата физикалык көлөмдүн индекси 96,719%ды түздү”, - деп айтылат маалыматта.