Ош шаардык прокуратурасы ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү ишинде Ош шаардык мэриясы жер тилкесин мыйзамсыз сатканын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык мэрия 404 ч.м. жер тилкесин Т.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө, аукцион өткөрбөстөн сатып, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган.
“Прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 20 млн. 200 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды”, - деп айтылат маалыматта.