Ош шаарында муктаж болгон 58 миң үй-бүлөгө гумжардам көрсөтүлдү

11.05.2020, 13:30 Акчабар
Ош шаарында муктаж болгон 58 миң үй-бүлөгө гумжардам көрсөтүлдү

Ош шаарында муктаж болгон 58 миң үй-бүлөгө гумжардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу брифингде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, жардамдар мамлекет, демилгелүү топ жана ишкерлер тарабынан көрсөтүлдү.

«Бүгүнкү күндө калктын аярлуу катмары болгон 58 миң үй-бүлөгө гумжардам берилди. Жарандарыбызга көрсөтүлгөн жардамдар мындан ары да улана берет. Алсак, учурда 5 миңге жакын азык-түлүк баштыкчасы даярдалып жатат», — деп белгиледи шаар мэри.

Тэги: Ош шаары гумжардам Таалайбек Сарыбашов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу