Ош шаарына Новосибирсктен 204 жаран учуп келди

08.06.2020, 09:05 Акчабар
Ош шаарына Новосибирсктен 204 жаран учуп келди

Бүгүн, 7-июнь күнү Ош шаарына Новосибирсктен (Россия) 204 кыргызстандык жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Жарандар «Сибирь» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Министрликтен белгилешкендей, жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспора уюмдары менен биргеликте Россиянын Сибирь, Ыраакы Чыгыш жана Түндүк аймактарында жашаган кыргызстандык жарандардын кайрылуулары боюнча түзүлгөн.

Бул каттам менен оор илдети бар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, кичинекей балдары бар аялдар, кош бойлуулар, кары адамдар, жашоодо оор кырдаалга туш болгон жарандар кайтарылган.

Ошондой эле Алтай аймагындагы, Новосибирск, Омск, Кемеров жана Томск облустарындагы чет элдик административдик мыйзам бузуучуларды убактылуу кармоочу борбордо болгон 16 жаран кайтарылган.

Учуп келген жарандардын баары обсервацияга жаткырылган.

«Мекенине кайтып келүүнү каалаган чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылат», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: кыргызстандыктар Орусия учак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу