Ош шаарына Өзбекстандан 100 автобус сатып алынат

14.03.2024, 17:43 Акчабар
Ош шаарына Өзбекстандан 100 автобус сатып алынат

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун Бишкектеги кеңсесинде Ош шаардык мэриясы менен 100 даана шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды финансылык лизингге берүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу “Янги Ўзбекистон” сайты жазды. 

Маалыматка ылайык, фонд Самарканд автозаводу чыгарган 100 заманбап шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн каржы бөлүүдө. 

“Жүз заманбап автобустун алынышы шаардын транспорт системасын жана жүргүнчүлөрдү ташуу шарттарын жакшыртууда маанилүү кадам болот. Бул долбоор шаар тургундарына жана конокторуна инфраструктураны өнүктүрүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча биздин жалпы максатыбызды көрсөтөт”, - дейт Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев. 

 

Тэги: Өзбекстан Ош шаары автобус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу