Ош шаарына жаңы таштанды чыгаруучу унаалар берилди

25.01.2022, 16:05 Акчабар
Ош шаарына жаңы таштанды чыгаруучу унаалар берилди

Бүгүн, 25-январда Ош-Тазалык муниципалдык ишканасына 12 таштанды ташып чыгаруучу атайын техникалар тапшырылды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы аймактык директору Айтен Рустамова катышты.

Жаңы техникалар ЕБӨР, ЕИБ жана ЕБнин колдоосунда алынып, Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкарууга жардам берилүүдө. Аны менен катар Ош-Тазалык ишканасынын имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматкерлердин кабинетинен тартып склад, унаа жуучу жайынан бери жаңыланды. Ага кошумча кызматкерлер жана жумушчулар үчүн ашкана ишке берилди.

Мэр Алмаз Мамбетов бул иштер Ош шаарынын тургундары үчүн таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Алдыда долбоордун алкагында полигон куруу маселеси талкууланды.

Эскерте кетсек, долбоор ЕРӨБ жана ЕИБ тарабынан каралган 2 млн. жана 3 млн. евро суммасындагы параллелдүү кредиттердин эсебинен каржыланууда. ЕБ да долбоорду ишке ашыруу үчүн 5 млн. евро грант бөлүп берген.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу