Жаңы тариф боюнча көп кабаттуу үйдө жашаган бир адам айына 35 сомдон, жер үйдүн жашоочусу 40 сомдон төлөйт. Болжол менен жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурда тариф көп кабаттуу үйлөр үчүн 25, ал эми жер үйлөр үчүн 30 сом болчу.
Ал эми менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн 1 куб метрине 550 сом болот. Буга чейин таштандыга 350 сом төлөнчү.
Эскерте кетсек, Ош шаарында таштандыга болгон тариф акыркы жолу 2015-жылы көтөрүлгөн. “Ош-Тазалык” ишканасынын 283 миң абоненти бар. Жылына шаардын бюджетине 13 млн. сом каражат төгөт.