Ош-Ташкент автожолун кеңейтүүгө 84 млн сомдон ашуун каражат жумшалат

17.09.2021, 13:20 Акчабар
Ош-Ташкент автожолун кеңейтүүгө 84 млн сомдон ашуун каражат жумшалат

Ош шаарынын аймагынан өткөн Ош-Ташкент эл аралык маанидеги автожолунун 4-5 чакырым аралыктагы жолунун бир чакырымын кеңейтүү иштери 90%га жетти. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Трассанын башталышы Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү аркылуу “Достук” өткөрмө бекетине чейин жетет. Бул аралыктардагы жол кеңейтилип, асфальт төшөлүп, четине бетон тосмолор орнотулат.

Жолду кеңейтүү жана оңдоого “капиталдык салымдар” аркылуу 84 миллион 274 миң сом бөлүнгөн. Курулушту сентябрь айынын соңунда бүтүрүү пландалган.

Аталган жол аркылуу Ош-Андижан-Ташкент багыты боюнча транзиттик транспорт каттамдары жүрөт.

Тэги: жол курулуш Ош Ташкент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу