ОшМУ бир миллион жети жүз миң сомго аккредитациялоо кызматын сатып алат

01.11.2022, 16:34 Акчабар
ОшМУ бир миллион жети жүз миң сомго аккредитациялоо кызматын сатып алат

Ош мамлекеттик университети мамлекеттик сатып алуулар порталына аккредитациялоо боюнча кызмат көрсөтүү боюнча тендерге арыз жазды.

Арызда университет аккредитациядан өткөрүүгө 1 миллион 781 миң 780 сом коротууну көздөп жатканы айтылат.

Тендерге катышуу үчүн талапкерлер аккредитациялоо укугуна ээ лицензиясын көрсөтүүгө, ошондой эле 2020-2021-жылдарга карата жарыяланган суммага мамлекеттик уюмдар менен эң аз бир долбоорду аткарган тажрыйбага ээ болушу керек.

Мындан тышкары, катышуучулардын салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болбошу керек.

Белгилеп кетсек, институционалдык аккредитация – бул билим берүү уюмунун Кыргызстандын өкмөтү тарабынан аныкталган талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык келүүсүн таануу максатында бүтүндөй билим берүү уюмунун сапаттык деңгээлин баалоо жол-жобосу.

Тэги: новости Кыргызстана высшее образование госзакупки новый тендер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу