Ошто 45 млн сомго жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат

11.05.2023, 14:40 Акчабар
Ошто 45 млн сомго жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат

Ош шаарынын Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулушка жалпы 45 млн. сом жумшалат. Тендерди “Сапат Курулуш” компаниясы уткан. 

“Өтмөктүн курулуш иштери башталды. Бийиктиги 7 метрге чейин болуп, түбүнөн унаалар өтөт. Кары-картаңдар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын лифт курулат”, — дейт мекеме жетекчиси Шумкар Пайзиев.

Аталган өтмөк ушул жылдын октябрь айына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. 

Кошумчалай кетсек, учурда кийинки жылга ушундай эле өтмөктү жер астына куруу боюнча долбоор даярдалып жатат. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу