COVID-19: Ошто ПЦР тест арзандабай жатат

02.07.2021, 13:40 Акчабар
COVID-19: Ошто ПЦР тест арзандабай жатат

Ош шаарындагы мамлекеттик лабораторияларда ПЦР тесттин баасы 1574 сомдон төмөндөбөй жатат. Буга чейин монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги мыйзамдын негизинде ПЦР анализдеринин тарифтеринин кошумча прейскуранты Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылганын билдирген.

Ага ылайык, ПЦРдин баасы 788 сомго төмөндөгөн. Бирок учурда Оштогу лабораторияларда тест мобилдик топ менен оор абалда келгендерге гана акысыз болуп, башкалар үчүн 1574 сомдон акча алынууда. Мындан улам, шаар тургундары бийлик өкүлдөрүнөн маселени жөнгө салууну өтүнүүдө.

Ал эми Ош шаардык жана облустук санитардык эпидемиологиялык борборундагылар бааны төмөндөтүү боюнча министрликтин буйругу келе электигин айтышууда.

Тэги: ПЦР анализ лаборатория Ош министрлик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу