Ошто быйыл биргелешип каржылоо долбоорлорунун саны көбөйтүлөт

18.01.2022, 16:21 Акчабар
Ошто быйыл биргелешип каржылоо долбоорлорунун саны көбөйтүлөт

Ош шаарында быйыл биргелешип каржылоо долбоорлору көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Жарандар тарабынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен мэр бюджет бекитилгенге чейин шаардыктар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

“Быйыл биргелешип каржылоо долбоорлорунун санын көбөйтүү аракетин көрөбүз. Өткөн жылы буга 15 млн. сом каралса, быйыл 30 млн. сом бөлүнөт”, - деди мэр.

Мамбетов биргелешип каржылоо долбоорлору менен шаар тургундарынын бир топ көйгөйлөрүн чечүүгө болоорун белгиледи.

Белгилей кетсек, бул иштерди каржылоого аткаруу бийлигинен 50%, жергиликтүү элден 50% каражат чогултулат.

Тэги: Ош шаары мэр Алмаз Мамбетов биргелешип каржылоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу