Ошто дээрлик 257 млн сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылды

23.05.2024, 12:06 Акчабар
Ошто дээрлик 257 млн сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылды

Оштун Араван районундагы борбордук базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Текшерүүдө, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын, Араван райондук кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамсыз түрдө А.Анаров айыл өкмөтүндөгү (азыркы Достук айыл өкмөтү) 0,31 га жер тилкесин "Ш." жоопкерчилиги чектелген коомуна каттатып бергендиги аныкталган. 

“Прокуратура тарабынан аталган коомго мыйзамсыз берилген мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу максатында сотко доо арыз берилип, кароонун жыйынтыгы менен толук канааттандырылган. Натыйжада, 256  млн 905 миң  сомго бааланган “Шахноза” борбордук базары Араван районунун Достук айыл өкмөтүнүн балансына алынды”,- деп айтылат маалыматта. 

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жургүзүү үчүн УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына тапшырылды. 

 

Тэги: Ош Башкы прокуратура мыйзамсыз жер базар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу