Ошто дээрлик 7,5 млн сомго жол оңдолот

02.09.2021, 13:00 Акчабар
Ошто дээрлик 7,5 млн сомго жол оңдолот

Ош шаарындагы Алиев, Достук жана Мажрумтал көчөлөрүн асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык муниципалдык жолдор башкармалыгынан билдиришти.

“Учурда жолдордун биринчи багыттагы иши жүрүп, сугат лотокторун орнотуу аяктаган. Алдыда асфальттын биринчи катмары төшөлүп, бекемдөө иштери жана тротуарды асфальттоого даярдоо жүрүүдө. Ар бир көчөгө каражат 1,5 миллион сомдон каралган. Бирок тендердеги баасы 2,5 миллион сомго чейин деп бааланган. Толук бүткөн соң гана чыгымдар аныкталат”-, деди мекеменин башчысынын орун басары Улукбек Жаныбеков

Алиев көчөсүндөгү жүрүп жаткан жумуштун узундугу 0,9 чакырымды түзөт. Достук кичи районунун 51-көчөсүндөгү жолдун жалпы узундугу 0,5 км, туурасы 5 метр. Ал эми Мажрумтал көчөсүндөгү оңдолуп жаткан жолдун узундугу 600 метрге чейин. Жолдорду оңдоо иштери сентябрдын биринчи жарымында аяктайт.

Мындан сырткары, ушул жылы шаардагы дагы беш көчөнү асфальттоо пландалууда.

Тэги: жол курулуш каражат тендер Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу