Ошто «Экспорт кербени-2022» маалымат кампаниясы башталды

22.11.2022, 12:20 Акчабар
Ошто «Экспорт кербени-2022» маалымат кампаниясы башталды

Ошто “Экспорт кербени-2022: онлайн инструменттер аркылуу экспортту илгерилетүү жана инвесторлорду коргоо механизмдерин киргизүү” маалыматтык кампаниясы башталды.Экономика министрлигинен билдиришкендей, иш-чараны мындан ары Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Каракол жана Таласта өткөрүү пландалууда.

Экспорт кербенинин максаты продукцияны өндүрүү жана экспорттоо маселеси, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин колдонуу жана эл аралык сапат стандарттарын киргизүү менен байланышкан инновациялар жана тенденциялар жөнүндө республиканын бизнес-коомчулугуна, ошондой эле инвесторлорго коргоо механизмдери жүнүндө маалымат берүү берүү болуп саналат.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министрлигинин, УИАнын, МЭК алдындагы Тышкы соода боюнча бирдиктүү терезе борборунун, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) “Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү” долбоорунун, “Ready4Trade - Борбордук Азия” долбоору төмөнкү темалар боюнча маалымат берет:

  • Экспортту кантип баштоо керек жана кантип ийгиликтүү экспортер болуу керек? Продукцияны өндүрүү жана экспорттоо маселеси менен байланышкан инновациялар жана тенденциялар;
  • Экспорт жана продукциянын сапаты боюнча онлайн инструменттер жана колдонмолор: EXPORT.GOV.KG, INFO.TRADE.KG, Сапаттуу соода компасы, Бирдиктүү терезе маалымат системасы ж.б.;

- инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды колдоо тартиби жөнүндө;

- Электрондук коммерцияны кантип баштоо керек?

- ЕАЭБтин техникалык регламенттери жана эл аралык сапат стандарттарын ишке ашыруу (HACCP, ISO, GLOBAL GAP, FAIR TRADE).

Бул иш-чара Финляндия өкмөтү жана Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) тарабынан каржыланган БУУӨПтүн Соодага көмөктөшүү долбоорунун жардамы менен өткөрүлүүдө.

Семинар 2-декабрда аяктайт.

Тэги: Экспорт кербени Ош экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу