Ошто жумшак композиттик бетон чыгарган завод курулат

23.04.2024, 13:50 Акчабар
Ошто жумшак композиттик бетон чыгарган завод курулат

Бүгүн Чүй облусунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун катышуусунда курулуш материалдарын чыгарган Британиянын “Concrete Canvas” компаниясынын продукциясы көрсөтүлдү. 

Белгилеп кетсек, компания жумшак композиттик бетон баракчаларын чыгарат. Тагыраагы, чыгарылган материалдар каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагында колдонуунун натыйжасы жогору.

“Кыргызстан боюнча 30 миң чакырымга жакын узундуктагы канал болсо, анын 11 миң чакырым каналдын алдына бетон төшөлгөн. Эгерде бул материалдар каналдардын алдына төшөлсө, суунун жоготуусун алдын алабыз. Кыргызстан агрардык мамлекет, айдоо жерлери көп, ошол себептүү биздин өлкөгө бул материалдар абдан керектүү. Компаниянын заводун жакын арада Ош облусунда куруп баштоо пландалууда”, – деди Бакыт Төрөбаев. 

“Concrete Canvas” компаниясынын Кыргызстанда ачыла турган заводунун продукциялары ички рынокту гана камтыбастан Орусия, Өзбекстан сыяктуу жакынкы мамлекеттерге экспорт болот. 

Эскерте кетсек, 2023-жылдын ноябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Кардифф шаарында “Concrete Canvas” компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолуккан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. 

Тэги: композиттик бетон Concrete Canvas

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу