Быйыл Ош облусунда дем берүүчү гранттын эсебинен 257,3 млн сомдук 86 долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районундагы 12 объектке 35,3 млн сом бөлүнөт.
- Араван районунда 7 объектке 21,8 млн сом;
- Кара-Суу районунда 18 объектке 54,6 млн сом;
- Ноокат районунда 18 объектке 54,6 млн сом;
- Өзгөн районунда 20 объектке 52,3 млн сом;
- Чоң-Алай районунда 7 объектке 19,5 млн сом жумшалат.
Тэги: Ош үлүштүк грант Кара-Кулжа