Оштогу май куюучу жайда 51 тонна күйүүчү май мыйзамсыз сакталган

19.06.2023, 12:00 Акчабар
Оштогу май куюучу жайда 51 тонна күйүүчү май мыйзамсыз сакталган

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, ташуу жана сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. 

Алсак, дизель майын ташыган жүк ташуучу унаадагы пломбаларды өз эрки менен алып салуу, цистерналардагы салык органы койгон контролдук пломбалардын бузуу фактысы аныкталган. Ошондой эле, күйүүчү майга тиешелүү документтер болгон эмес.

“Жалпы көлөмү 51 миң 893 литр мыйзамсыз күйүүчү май табылып, тартып алынды. Анын ичинен унаанын резервуарында 7 миң литр, май куюучу жайлардагы цистернада (пломбалары жулуп алынган) 32 миң 838 литр жана контролдук пломбалары жок өзүнчө цистернада 12 миң 55 литр болгон”, - деп айтылат маалыматта. 

Учурда аталган факты боюнча андан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу