Оштогу “Оомат” базарынын соодагерлери кайрадан нааразылыкка чыгышты

27.09.2021, 15:40 Акчабар
Оштогу “Оомат” базарынын соодагерлери кайрадан нааразылыкка чыгышты

Ош облусундагы Кара-Суу шаарынын “Оомат” базарында иштеген 20дан ашуун сатуучу алардын ижара акысы жылына беш миң долларга чейин көтөрүлгөндүгүнө нааразы болуп бүгүн, 27-сентябрда маалымат жыйынга чогулушту. Жыйында алар базардын ижара акысы үчүн жылына алдын ала беш миң доллардан төлөм жүргүзүү талабы болуп жатканын айтып бийликтен жардам сурашты. 

Соодагерлердин айтымында, учурда иштетип жаткан контейнерлер алардын менчигинде жана 2012-жылдан тарта мамлекетке жылына 1200 сомдон салык төлөп келишкен. Салыктын суммасы бүгүнкү күндө 4 миң 700 сомго көтөрүлгөн. Бирок өзүн “Оомат” базарындагы жердин жаңы ээси деп тааныштырган Аскарбек Көккөзов атту адам учурда соодагерлерден жылына беш миң доллардан каражат төлөшүн талап кылууда. Ал мунун себебин аталган базардагы жерлерге ээлик кылаары менен байланыштырган.

Соодагерлер айыптап жаткан Көккөзов менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ал эми Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев учурда бул маселени укук коргоо органдары териштирип жатканын билдирди.

Ишкерлер 23-сентябрда да райондук акимчиликтин алдына митингге чыгышкан. 

Кара-Суудагы “Оомат” базары эки гектар жерди ээлейт.

Тэги: нааразычылык базар ижара соодагер салык Кара-Суу Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу