«Кыргыз Текстиль ЛТД» 2 миң адамды иш менен камсыздоону пландоодо

20.03.2023, 17:40 Акчабар
«Кыргыз Текстиль ЛТД» 2 миң адамды иш менен камсыздоону пландоодо

Ош шаарында “Кыргыз Текстиль ЛТД” текстиль фабрикасында 2 миң адамды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Эмгек министрлиги мекеме өлкөнүн ишканаларында жумушчуларды уюштуруу иштерине активдүү катышууну көздөп жатканын белгиледи.

“Тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстанда жумушчу күчкө суроо-талап чоң, бирок иштөөгө даяр адистер жетишсиз”, - деп айтылат министрликтин маалыматында. 

Келечекте “Кыргыз Текстиль ЛТД” текстиль фабрикасында 2000 жаран иштейт. 

"Учурда өндүрүш 1000 адамды жумуш менен камсыз кыла алат. Бирок жумушчулардын жетишсиздигинен улам 530 орун бош.  Өлкө боюнча мындай мисалдар көп. Ошол эле учурда, мындай ишканаларда айлык акы 25 миң сомдон 60 миң сомго чейин жетет”, - дейт Эмгек, социалдык  камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу