Оштогу “Жапалак” унаа базары кеңейтилет. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, аталган базардын айланасындагы 36 гектар жер коммерциялык багытка өзгөртүлүп, трансформацияланды.
Эми бул жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен мөмө-жемиштер жана унаа тетиктер сатылчу базар ачуу пландалууда.
Ошондой эле унаа токтоочу жайлар салынат.