Салык декларациясын талаптагыдай толтурбагандар жоопкерчиликке тартылды

18.01.2023, 12:20 Акчабар
Салык декларациясын талаптагыдай толтурбагандар жоопкерчиликке тартылды

Салык декларациясын талаптагыдай толтурбаган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө бербөөсү жана толук эмес маалыматтар менен берилгендиги боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында 303 укук бузуу иши боюнча өндүрүштөр козголгон. Алардын ичинен сот органдары тарабынан бүгүнкү күнгө карата 247 укук бузуу иштери боюнча чечимдер кабыл алынып, жалпы 1 млн 89 миң сом өлчөмүндө айыппулдар салынып, калган өндүрүштөр сот органдарында кароо стадиясында турат. Ал эми, салынган айыппулдардын ичинен бүгүнкү күнгө карата жалпы 851 миң сом төлөндү", - деп айтылат маалыматта.

Укук бузуучулардын басымдуу бөлүгүн мамлекеттик кызматкерлер түзөт.

Тэги: новости Кыргызстана Генпрокуратура налоги декларация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу