Кыргызстандын жалпы экспортунун 28,8%ы Швейцарияга багытталган

26.01.2024, 10:32 Акчабар
Кыргызстандын жалпы экспортунун 28,8%ы Швейцарияга багытталган

2023-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө экспорттун үлүшү 20,2%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

КМШдан тышкаркы мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын негизги экспорттук өнөктөшү Швейцария болгон. Бул өлкөгө Кыргызстандын жалпы экспортунун 28,8%ы туура келген. 

Мындан тышкары, БАЭ – 6,4%, Түркия – 5,1%, Кытай – 2,6% жана Иран – 0,8% түзгөн.

Орусия (24,1%), Казакстан (15%) жана Өзбекстан (9,3%).

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн импорттолгон товарлардын олуттуу көлөмү Кытайдан (импорттун жалпы көлөмүнүн 43%), Жапониядан (2,1%), Түштүк Кореядан (4,5%), Түркиядан (3,8%), АКШдан (3,5%) жана Германиядан (3,4%) келген. 

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө экспорттун көлөмү 3,2 эсеге көбөйгөн (2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу) жана 1,4 млрд сомду түздү, ал эми КМШ өлкөлөрүнө 14%га азайып, 1,4 млрд долларды түздү. 

Товарлардын экспортунун өсүшү негизинен пластмассаларды жана алардан жасалган буюмдарды, рудаларды жана баалуу металл концентраттарын, көмүрдү, тоңдурулган балыкты жана нанды жөнөтүүнүн жогорулашына байланыштуу. 

Тэги: новости Кыргызстана товарооборот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу