“Беккер Тилли Бишкек” ЖЧКсы 2022-2023-жылдарга Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын тышкы аудитору болот.
Аталган компания тендерди утуп алган, ага андан тышкары дагы эки аудитордук компания катышкан. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Беккер Тилли Бишкек” ЖЧКсын тышкы аудитор катары бекитти.
Белгилеп кетсек, компаниянын кызматы 1 миллион 431 миң 270 сомду түзөт.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ушул жылдын апрель айында ишин баштаганын кошумчалайбыз. Анын уставдык капиталы 2 миллиард сомду түзөт. Учурда банк Дүйнөлүк банк менен техникалык жардам жана насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.