“Кант труба-шифер ишканасы” ЖЧКсы (Кант ТШИ) жаңы автоклавдуу газобетон заводун куруп жатат. Курулуштун жүрүшү менен Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров таанышты.
Автоклавтуу газобетон заводунун курулушу 120 кошумча жумуш орундарын түзүп, салык жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн жылына 100 млн сомдон ашуун көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле “Кант ТШИ” заводунун фасаддык цемент плиталарын жана шиферин чыгаруучу заводунун учурдагы ишмердүүлүгүн көрүп чыгып, эл аралык стандарттарга ылайык иш алып барган аккредитацияланган лабораториянын иши менен таанышты, - деп айтылат маалыматта.